25-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы -1…-3 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жылуулукту сүйгөн, жыйналбаган жемиштер үчүн коркунучтуу.
25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Талас өрөөнүндө туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13,
Баткен облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 3...13,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-3, күндүз 9...14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 6...11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…13 градус жылуу болот. (КЕ)