Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Лавров: Орусия Сирия оппозициясын колдоого даяр


Москва Сириядагы террорчу топторго каршы күрөштө оппозициядагы "Эркин Сирия армиясынын” жердеги күрөштөрүнө абадан колдоо көрсөтүүгө даяр деп билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Бул тууралуу ал “Россия-1” каналындагы “Ишемби күндөгү кабарлар Сергей Брилев менен” деген аталыштагы берүүдө айтты. Лавровдун айтымында, Москва эгер оппозиция күчтөрүнүн дал кайсы жерде экени тууралуу маалыматтарды билсе колдоо көрсөтө аларын белгилеген.

Бүгүн Лавров Египеттин тышкы иштер министри Масех Шукри менен телефондон сүйлөшкөн. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, тараптар Сириядагы жаңжалды чечүүнүн саясий жолдорун издештирүү жана Жакынкы Чыгышта терроризмге каршы күрөшүүдө кызматташууну улантууну макулдашты.

Жума күнү АКШнын мамлекекттик катчысы Жон Керри “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө Орусиянын конструктивдүү жардамы ачыкталса, Вашингтон аны кубаттай турганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG