Черногориянын баш калаасы Подгорицада 24-октябрь күнү кечинде парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылган демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ колдонду. “Азаттыктын” Балкандагы кабарчысынын айтымында, ишемби күнү беш миңдей оппозиция өкүлү өкмөт башчы Мило Жукановичтин кызматтан кетүүсүн талап кылган митингге чыгышкан. Үч сааттан кийин полиция менен демонстранттар ортосунда тирешүү болуп, кеминде бир тартип коргоо кызматкери жабыркады.
Черногориядагы негизги оппозициялык блок саналган “Демократиялык фронт” сентябрь айынан бери таза шайлоо өткөрүүнү жана өкмөттүн отставкасын талап кылып нааразылык акциясын уюштуруп келатат. 17-октябрдагы митингде дагы бир нече адам жабыркап, оппозициячыл саясатчылар баштаган ондон ашуун адам кармалган. (КЕ)