Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 19:35

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык казыятынан билдиришти. Диниятчылардын финансылык ишин текшерүү Амир-Темир кичирайонунда жайгашкан мечиттерден башталды. Казы жана казыяттын эсепчилери зекеттен, орозо-битир жана башка жолдор менен табылган каражатты ар бир мечит имамынан жеринде отчет алууда. Казыят каражаттар талапка ылайык тартипте чарбалык иштерге сарпталганын ырастайт.

Эсеп-кысап менен катар мечиттердин тазалыгы, имамдардын жоопкерчилиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы менен казыяттын буйруктарынын аткарылышы текшерүүгө алынууда.

Ушу күнгө дейре шаарда 10 чакты мечит текшерилди. Калаада жалпысы 60тай мечит бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG