Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Польшадагы шайлоодо оппозиция алдыга озуп чыкты


Польшадагы добуш берүү
Польшадагы добуш берүү

Польшада 25-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоодо оппозициянын “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы жеңишке жеткени кабарланды. Маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 39% ушул партияга добуш берди. Бийликчил “Жарандык платформа” партиясын шайлоочулардын 16% пайызы колдоду.

Алдын ала жыйынтык жарыялангандан соң “Укук жана адилеттүүлүк” партиясынын лидери Ярослав Качинский “Польшанын тарыхында соңку 25 жылдан бери бир да партия жарандардын мынчалык колдоосуна ээ болгон эмес”,- деди.

Оппозицияга берилген 39% добуш аларга өкмөттү куроого укук берет.

Польшалыктар парламенттин төмөнкү палатасына 460, жогорку палатага 100 депутатты шайлашты. (SE)

XS
SM
MD
LG