Түркиядагы кагылышууда кеминде полициянын эки кызматкери окко учуп, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери деп шектелгендердин бешөө тындым болду. Атышуу негизинен күрттөр байырлаган Диярбакыр шаарында бүгүн эртең менен болгон.
Түрк бийликтери бул согушкерлер Анкарада 10-октябрда жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алган жанкечти жардыруусуна тиешеси бар болушу ыктымалдыгын билдирди. Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы жардыруу үчүн сириялык чалгын менен күрт согушкерлерин айыптап, аларды "Ислам мамлекети" тобу менен кызматташат деп күнөөлөгөн.