Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Мунара Жалил кызы: Жапония Орто Азияда таасирин кеңейтишке кызыкдар


Жапон таануучу Мунара Жалил кызынын “Азаттыкка” билдиришинче, Кытай ушул тапта регионго арбын каражат салып жаткандыктан, Жапония дагы андан кем калбай бул аймакка өз таасирин күчөтүүгө бел байлоодо.

“Жапониянын Корея, Кытай, Орусия менен мамилеси начар. Анткени тарыхый чечилбеген суроолор көп. Ошондуктан ал өнөктөштү алыстан издөөгө аракет кылууда. Бирок жапондор Кыргызстанга келе турган болсо, алар экологияга көп көңүл буруп, аны бузбаганга аракет кылат. Анан кадрларды тарбиялап өстүрөт. Ал эми Кытай болсо, өз кадрын алып келет жана алар мамлекеттен чыкпай калып калышы мүмкүн”, -дейт ал.

Мунара Жалилдин ырасташынча, Жапониянын Кыргызстанда туризм, айыл чарба, логистика жаатында конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Бүгүн Кыргызстанга Жапониянын премьер-министри алгачкы ирет расмий сапар менен келип, өлкө жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар документтерге кол коюлду. (AzK)

XS
SM
MD
LG