Түркияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык беш жарандын чыгымдарын алар иштеген "Симена Сан Клаб" мейманканасы көтөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди.
Өткөн жума соңунда Кемер шаарындагы мейманканада тейлөө кызматкери болуп иштеп жаткан кишилер Анталияга баратканда автобус кырсыкка кабылган. Андан 12 адам жараат алган. Алардын бешөө кыргызстандык.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бирөөнүн абалы оор, дагы бир кыргыз жарандын абалы дурус. Жарааты жеңил үч кыргызстандык бүгүн мекенине жөнөтүлөрү кабарланган. (SE)