Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Жапон компаниясы Түркмөнстанга жылуулук электр станциясын куруп берет


Жапониянын Sumitomo Corp компаниясы Түркмөнстанда жалпы наркы 300 миллион АКШ долларына тете жылуулук электр станциясын куруп бере турган болду. Аталган компаниянын 26-октябрда маалымдашынча, 400 мегаватт кубаттуулуктагы мындай станцияны куруу жапон премьер-министри Синдзо Абенин Ашхабаддагы сапары учурунда жетишилген келишимдердин бирине кирет. Компания аны 2018-жылга чейин куруп бүтүрүүнү мерчемдегенин билдирди.

23-октябрда Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Түркмөнстанга иш сапары менен барып, эки өлкө ортосунда 18 миллиард долларлык келишимге кол коюлган.

XS
SM
MD
LG