Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Евробиримдик соту Януковичтин жардамчысына каршы чечимди өзгөрттү


Евробиримдик соту Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин жардамчысы Андрей Портновдун активдерин тоңдуруу боюнча былтыр чыгарылган чечимди туура эмес деп тапты. Портнов мамлекеттик мүлктү өздөштүрүп алган деген шек менен Янукович тактыдан кете электе, 2014-жылы "кара тизмеге" кирген.

Европа биримдиги соту Портновго карата чечим Башкы прокуратуранын бир эле катынын негизинде чыккандыктан, анын активдерин тоңдуруу туура эмес болгонун, конкреттүү факт ачыкка чыкпай калганын айтууда. Соттун бул чечимине нааразы тарап эки ай ичинде даттанса болот. (SE)

XS
SM
MD
LG