Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Кыргыз мушкери менен ямайкалык боксчунун беттеши тең чыгуу менен аяктады


Урмат Рыскелдиев менен Ямайкалык Натаниэл Галимордун беттеши
Урмат Рыскелдиев менен Ямайкалык Натаниэл Галимордун беттеши

Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев менен Ямайкалык Натаниэл Галимордун Бүткүл дүйнөлүк бокс бирлигинин (WBU) чемпиондук куру үчүн таймашы тең чыгуу менен аяктады. Кыргыз мушкеринин менеджери Жаныш Осмондун айтуусунда, беттеш 24-октябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында өттү.

69 кг. салмакка чейинки мушкерлердин күч сынашуусу 8 раундга созулган. Калыстардын бири жеңишти Урматка, бири Натаниэлге ыйгарса, бир калыс тең чыгууну белгилеген.

27 жаштагы Ямайкалык Натаниэл Галимор буга чейин профессионалдык рингде 9 беттеш өткөрүп, бардык беттештерде жеңүүчү болуп, анын ичинен 8ин нокаут менен уткан.

Урмат Рыскелдиев 2013-жылдан бери АКШда профессионалдык рингде чыгып жүрөт. Ямайкалык мушкер менен таймашка чейин 7 беттешке чыгып, 6 жолу утуп бир жолу тең чыккан. (ECh)

XS
SM
MD
LG