Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:04

Сариев: Түрмө кызматкерлери чын эле баатырларча курман болгону аныкталса, аларга мамлекеттен сыйлык берилет


Өкмөт бышчы Темир Сариев ушул тапта №50 абактан 9 кылмышкердин качуу жагдайы боюнча аскердик прокуратура иш козгоп, мекеме аралык комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Ал иликтөө иштери бүткөн соң, бардык суроолорго жооп берилерин ырастады.

“Каза болгон түрмө кызматкерлеринин туугандары “баатыр” наамын сурап жатышат. Азыр иликтөө жүрүп жатат. Эгерде алар чын эле баатырларча курман болгону аныкталса, алардын иш-аракетине баа берилет, мамлекеттен сыйлык берилет. Эгер алар кыянаттык кылып, кызматын туура эмес пайдаланып,туура эмес иш кылса буга да баа берилет. Иликтөө бүткүчө бизге чыдам керек",- дейт премьер министр.

Темир Сариев түрмөдөн кылмышкерлердин качуусу системадагы кемчиликтерди көрсөткөнүн белгилеп, бүгүнкү күндө №50 түрмөнүн жетекчилиги, курамы менен толук алмашканын, Бишкектеги №1 жана Оштогу № 5 тергөө абагынын жетекчилери кызматтан алынганын белгиледи. Өкмөт башчы Жаза аткаруу системасын реформалоо боюнча сунуштар иштелип чыгарын билдирди.

26-октябрда каза болгон түрмө кызматкерлеринин жакындары маалымат жыйынга чогулуп, аларга “баатыр” наамы берилишин, үй-бүлөлөрүнө жардам берилишин талап кылышкан. Алар каза болгон кызматкерлерге күнөөнү оодарып коюу аракети болушу мүмкүн деген кооптонууларын билдиришкен. (AzK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG