Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Токтонасыров Лукашенко менен Бакиевге таш белек кылды


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Беларус элчилигинин алдына барып, баштыкка салып барган ташын жерге жайып, аны беларустун президенти Александр Лукашенко менен бул өлкөдө баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевге белек кылды.

Укук коргоочу таш жаюу менен аларга каргыш жолдогонун билдирди. Ал “Диктатор, мемуар жазгычты Кыргызстанга кайрып бер!” деген жазуусу бар плакатты элчиликтин маңдайындагы аялдаманын бетине чаптап кетти.

Акция учурунда Токтонасыров анын кыймыл-аракетине милиция көз салып турганын билдирди.

Кыргызстандын мурдагы президенти, азыр качып жүргөн Курманбек Бакиев “Кайгы, сүйүү жана ишеним: Менин Кыргызстаным” деген аталышта китеп жазган. Анда коомдук-саясий көз караштагы эсселер камтылган. Китептин бет ачары Минск шаарында өткөн.

Курманбек Бакиев тактыдан кулатылардан бир аз мурун, 2010-жылдын башында “Март ыңкылабы: элдин тарыхый тандоосу” аттуу китеп жазган эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG