Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Кытай АКШнын кемелери жасалма аралга жакындашын кескин сындады


Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу Спратли аралдары. 21-май, 2015-жылы тартылган сүрөт.
Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу Спратли аралдары. 21-май, 2015-жылы тартылган сүрөт.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лю Кан бүгүнкү билдирүүсүндө АКШнын кадамы “Кытайдын суверенитетине коркунуч” туудурганын белгилеп, алар “аймактык бүтүндүктү” чечкиндүүлүк менен коргорун убада кылды.

АКШнын “Лассен” аскерий кемеси Кытай Түштүк Кытай деңизинде курган жасалма аралдардын жанынан өтүп, муну менен АКШнын ал аралдар Кытайдын суверендүү аймагы эмес деген турумун баса көргөзгөн эле.

АКШнын коргоо министри Эштон Картердин ай башында айткандарына караганда, алардын учактары жана кемелери дүйнө боюнча эл аралык мыйзам жол берген жерлердин баарынан өтө берет жана мындан Түштүк Кытай деңизи да сыртта калбайт.

Мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги расмий өкүлдөргө шилтеме жасап, 27-октябрдын таңындагы инцидентти АКШнын “Кытайдын аймактык суверенитети үчүн ачык провакациясы жана кеме каттамдарынын эркиндигин сыноо деген жүйөө менен күчүн көргөзүүсү” деп баалады.

Бээжин Түштүк Кытай деңизинде жасалма аралды майда аралчалар менен оркок таштардын ордуна курган. Ал жерди Кытай менен катар Филиппин да өзүнүкү деп санайт. (UE)

XS
SM
MD
LG