Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Украинада шайлоочулар экиге бөлүндү


Жергиликтүү шайлоодогу добуштарды саноо учуру. Киев, 25-октябрь, 2015-жыл.
Жергиликтүү шайлоодогу добуштарды саноо учуру. Киев, 25-октябрь, 2015-жыл.

Украинада ушул жекшембидеги шайлоодон кийинки экзит поллдор президент Порошенконун өкмөтү өлкөнүн батышы менен борбордук бөлүгүндө көбүрөөк колдоо алганын көргөзүүдө.

Ал эми түштүк жана чыгыш аймактардын шайлоочулары Оппозициялык блокко артыкчылык берген. Оппозициялык блокту мурдагы президент Януковичтин Региондор партиясынан чыккандар түзөт.

Президент Порошенко өзү экзит поллдун көрсөткүчтөрүн кубаттап, жергиликтүү шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын Орусиянын өлкөнү көзөмөлдөө аракетин жеңүү катары мүнөздөдү.

Порошенконун сөздөрүнө караганда, “Москванын Украинада орусиячыл бешинчи коллона түзүү аракети кыйрады. Бул шайлоо менен украин коому өлкө артка кайтуу ыктымалдуулугун биротоло жокко чыгарган чекти басып өттү”.

130дан ашуун партия талапкерлигин көргөзгөн жергиликтүү шайлоо жыйынтыгы 4-ноябрга барып чыгары күтүлүүдө.

Шайлоо Донецк менен Луганск облустарынын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн райондорунан башка аймактардын баарында өттү. (UE)

XS
SM
MD
LG