Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Тараздык жигит жашоодон түңүлүп өзүн өзү өрттөдү


Ерлан Бектибаев
Ерлан Бектибаев

Казакстанда 24-октябрда бийликчил “Нур Отан” партиясынын Тараздагы кеңсеси алдында өзүн өзү өрттөп өлгөн жигиттин сөөгү жерге берилди. 20 жаштагы Ерлан Бектибаевдин үй-бүлөсү бир кезде жакшыраак жашоо издеп, Өзбекстандан тарыхый мекени Казакстанга көчүп келген экен.

Түштүк Казакстан облусуна караштуу Аксукент айылындагы мектепте окуган Ерлан соңку төрт жылдан бери Тараз шаарында улуу агасынын үйүндө жашачу. Жакын туугандары 20 жаштагы Ерландын өзүн-өзү өрттөп, жанын кыюусуна себеп болгон окуялардан таптакыр кабарсыз болгонун айтышат. Жигиттин атасы уулунун ушундай кадамга барганын Ерландын видеосу жарыяланган 24-октябрдын кечинде уккан.

Ишембиде интернетте пайда болгон видеодо Ерлан камераны карап алып ушул жылдын 7-май күнү белгисиз адамдар Данияр Райымбаев деген жигитти атып кетишкенин, ал иш боюнча полиция Ерланды кармап кетип, коркутуп кысым көрсөткөнүн, айласы кеткенде анын чөнтөгүнө көкнар салып камакка алышканын баяндайт.

Ерландын от чулганган видеосу.
Ерландын от чулганган видеосу.

“Жардам сурап "Нур Отан" партиясына келгем. Мага жан тарта турган бир да адам жок, апам каза болуп калган, атам жаңы үй-бүлөсү менен жашайт. Жашоодон түңүлдүм, жарыкты көрө албай турам” деп көпчүлүккө кайрылат. Ушул сөздөрдөн кийин коюнуна катылган бөтөлкөдөгү суюктукту өзүнө чачып от коёт да, өрткө чулганган бойдон бакырып, "Нур Отан" партиясынын кеңсесине кирип кетет. Аздан соң денесинин далайы өрттөнүп, карайган Ерланды "Тез жардам" машинеси шаардык ооруканага жеткирип, он гүлүнүн бири ачыла элек жаш жигит эсине келбеген бойдон ошол эле күнү жан берген.

Жамбыл облусунун Ички иштер башкармалыгынан Ерландын коркунучтуу актын видеого тарткан жаш адам кармалганын, анын тек-жайы такталып жатканын билдиришти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Бектибаевдин коомчулуктун үрөйүн учурган окуясы тууралуу эч кандай комментарий жасашкан жок. "Нур Отан" партиясынын Тараздагы бөлүмүнүн басма сөз өкүлү Жасулан Абдихалик “Өзбекстанда туулуп- өскөн Ерлан Бектибаев буга чейин партия кеңсесине эч кандай арыз менен кайрылган эмес” деген билдирүү таратты. Ошол эле билдирүүдө Ерлан Бектибаев буга чейин оор кылмышка шектелип кармалганы, ал маңзат алып жүргөнү үчүн да Тараз шаарынын полициясы тарабынан суракка алынганы айтылат.

Ерландын сөөгү Аксукент айылында жерге берилди
Ерландын сөөгү Аксукент айылында жерге берилди

Казакстандын Жогорку Сотунун соттук териштирүүлөр боюнча расмий маалымдамасында Тараз шаарында жашаган Ерлан Бектибаев Казакстандын жараны экени, ал ушул жылдын 14-февралында өзү менен чогуу окуган химия-технологиялык коллеждин студентине бычак сайып качып кеткени үчүн кармалганы жазылган. Ал окуядан көп өтпөй Ерлан автобуста бараткан аялдын чөнтөк телефонун уурдап алган деп да айыпталып, Алматы облусунун Акмола райондук сотунун өкүмү менен 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Макаланы "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Дилара Иса даярдады.

XS
SM
MD
LG