Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Чакан насыя алгандардын чатагы


Өрттөнмөкчү болгондорду токтотуп калышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Бишкектеги Горький паркында нааразылык акциясында отурган аялдардын тобу 20-ноябрда өзүн-өзү өрттөөгө аракет жасашты.

Бирок дароо жете келген милиция менен өрт өчүргүчтөр үстүнө бензин чачып, өздөрүн өрттөмөкчү болгон аялдардын аракетин токтотуп калышты. Чакан банктардан кредит алып үстөгү менен кошо төлөй албай калган аялдар тобу көптөн бери бул жерде боз үйлөрдү тигип, алган насыянын мөөнөтүн узартуу жана женилдетүү талабын коюп келатышат.

Түшкө жакын он чакты аял аталган жерде машинелердин дөңгөлөктөрүн өрттөп, артынан өзүлөрүнө бензин чачышты. Алар бул аракетин үч ай мурда башталган нааразылык акциясына бийлик тараптан эч кандай көңүл бурулбаганына негиздешти.

Алардын айтымында, үч ай мурда башталган нааразылык бийлик өкүлдөрүнөн тыңгылыктуу жардам болгон жок.

Акцияда отургандардын бири Күкүн Көкүмова ушундан улам өздөрүн өрттөө чечимине келишкенин айтат:

- Үч ай күтүп эл жадап бүттү. Бийликтен же парламенттен, же азыр шайланабыз деп акчасын коротуп жүргөн партиялардын бирөөсү да кызыккан жок биздин маселеге. Айла кеткенде өзүбүздү өзүбүз өлтүрөбүз деп ушу жерге чыктык. Биз бир аз жерден алданып калдык.

Өрткө каршы кызматтын өкүлдөрү ишке киришкенде чогулган аялдар аларга каршылык көрсөтүп, акыры милиция кызматкерлеринин киришүүсү менен өрт өчүрүлдү.

Көп өтпөй бул жерге Улуттук банктын жана микрокредиттик компаниялардын өкүлдөрү да келишти.

Улуттук банктын банктарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Сейтек Чалбаев бул чиеленишкен маселени чечүүгө Улуттук банк аракет кылып жатканын айтты:

- Жарандык кодексе ылайык, банк менен насыя алган жарандын мамилеси келишим аркылуу түзүлөт жана азыркы мыйзамга ылайык үчүнчү тарап кирише албайт, буга сот гана укуктуу. Ал эми мындай көйгөйгө чалдыккан жарандарга биз консультация гана бере алабыз. Бирок ошентсе да, биз банктар жана микрокредиттик уюмдар менен сүйлөшүү өткөрүп, береселерин кайтарууга макул жарандар жаңы келишим түзүп, банктар кээ бирлерине насыянын пайызын төмөндөткөн, ал тургай төлөнбөй калган кошумча пайыздарды кыскарткан фактылар бар. Жолугушууга микрокредиттик уюмдардын өкүлдөрү да келип, жок дегенде бир айда жүз сом төлөгүлө деп айтты. Насыя алгандар ага макул болбой, төлөмдү бир жылга чейин токтотууну талап кылышты. Банктардын өкүлдөрү бул боюнча арыз жазууну өтүнгөндө акциядагы аялдар андан баш тартышты.

Улуттук банктын өкүлү 2011-жылдан тарта 500гө жакын жаран ушундай эле маселе менен кайрылганын жана жогорудагыдай жолдор менен маселе чечилген учурлар болгонун да кошумчалады.

Ал эми Жогорку Кеңештин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин башчысынын орун басары Акуналы Досалиевдин айтымында, парламент сентябрда микрокредиттик уюмдар тууралуу мыйзам кабыл алган. Анда кредит пайызынын өлчөмү көзөмөлдөнүп жана кредит ала турган жарандын үйүн күрөөгө коюуга бөгөт коюлган.

- Өзүн-өзү өрттөө менен маселе чечилбейт. Ар бир жаран кредит алып жатканда өзү ойлонуш керек. Эгер карыз алса кайсыл булактардан төлөшүн да ойлош керек. Анан карыз алып, аны жеп-ичип, каалагандай коротуп алгандан кийин кимди коркутат? Менин оюмча, бул - акылсыздык.

Нааразы болгон аялдар болсо талаптары орундалбай жаткандыктан, коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында өзүн-өзү өрттөө аракетин жасашканын айтышууда. Алар менен жолуккан Улуттук банктын өкүлү насыя алгандар сунушталып жаткан жеңил чечимдерди кабыл албай жатканын, бирок сүйлөшүүлөр улана берээрин кошумчалады.

Аталган аянтчадагы нааразылык акция сентябрдын этегинде башталган. Ар кандай коммерциялык банктардан кредит алган 150 чакты жарандын алды күрөөгө койгон үйлөрүн алдыра баштаганда ушул жерге боз үй тигип, талаптары аткарылмайынча бул жерден кетпестигин билдирүүдө.
XS
SM
MD
LG