Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

“Орустар” кыймылына тыюу салуу маселесин сот карайт


Москва шаардык соту бүгүн улутчул “Орустар” кыймылына тыюу салуу маселесин карайт. Прокуратура Дмитрий Дёмушкин жетектеген кыймылды экстремисттик топ деп табууну суранган.

Көзөмөл органы тараткан маалыматка ылайык, прокурорлор аталган кыймыл мүчөлөрүнөн башка улуттагы кишилерди басмырлоо, табалоо жана этностор аралык кастык козутууга түрткөн материалдарды тапкан.

“Орустар” кыймылы расмий каттоого алынган эмес.

Кыймылдын мүчөлөрү мурда “Славян биримдиги”, “Славяндар күчү” деген аталышта топ түзгөн. Бирок сот алардын ишмердигине тыюу салган. (SE)

XS
SM
MD
LG