Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Алыкул Осмоновдун музейи ачылат


Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада акындын музейин ачуу аземи өтөт. Эртең, 29-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик фиармонияда акындын 100 жылдык маарекеси жыйынтыкталат. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты.

Буга чейин акындын музейлери Бишкектеги өзү жашаган үйүндө, туулган жери Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында, Чолпон-Ата шаарында жашаган үйүндө ачылган.

Быйыл акындын жүз жылдык мааракесине арналган бир нече иш-чаралар өттү.

Осмоновдун ырлары кыргыз адабиятында классикага айланып, окурман, адабиятчылар арасында жогору бааланат.

Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Ал 1950-жылы 35 жашында дүйнөдөн кайткан. (ZA)

XS
SM
MD
LG