Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев Ооганстандагы жер титирөөгө байланыштуу ал жердеги памирдик кыргыздардын жагдайын тактоону, жардамга муктаждыктарын аныктап, жардам берүү боюнча сунуш даярдоону Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды.
26-октябрда Ооганстан аймагында болгон катуу жер титирөөдөн улам ал жерде жашаган Памир кыргыздарынын айрымдары жеңил жарат алып, турак-жайлары урап калгандыгын Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги маалымдаган эле.
Ал эми Ооганстанда жашап, иштеп жүргөн 50гө чукул кыргызстандык жарандардын арасында жабыркагандар жок. Элчилик алар менен байланышып турат. (AzK)