Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Жогорку Кеңеште бүгүн фракция лидерлерин шайлашат


КСДП фракциясынын лидери болуп Чыныбай Турсунбеков калды. Башка фракциялар түштөн кийин чечим кабыл алышат.

Чыныбай Турсунбеков фракция кызматтык унаадан баш тартуу, депутатка бир эле жардамчыны калтыруу, депутаттык кол тийбестиктен баш тартуу маселелерин сунуш кыларын билдирди.

Ошол эле учурда ал бул маселе боюнча фракция ичинде кайчы пикирлер бар экенин белгиледи. Айрым КСДПчы депутаттар мындай маселени көтөрүү менен шайлоого чейинки айрым партиялардын популисттик убадаларын ээрчип кетүү корукунучу бар экенин айтып, кесиптештерин туура чечим кабыл алууга чакырууда.

Бүгүн алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш ишин баштап, депутаттар расмий түрдө мандатын алып, ант беришти. (AzK/SDz)

XS
SM
MD
LG