Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:12

29-октябрга аба ырайы

Кыргызстанда 29-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт.

Тоолуу аймактардагы унаа жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге  жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24. 

Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23. 

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23. 

Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22. 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2....7, күндүз 12....17. 

Нарын облусунда түнкүсүн -4...1, күндүз 11...16 градус жылуу болот.

Бишкекте 29-октябрда жаан жаабайт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. 

Абанын температурасы түнкүсүн 8...10 градус, күндүз 19....21 градус жылуу болот.(AzK)

XS
SM
MD
LG