Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

АКШ Иранды Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө чакырды


27-октябрь күнү кечинде АКШнын расмий адамдары 30-октябрда Венада өтө турган Сириядагы согушту жөнгөрүүнүн саясий жолдоруна багытталган эл аралык конференцияга Иранды чакырганын кабарлашты.

Бул чакыруу АКШ Ак үйүндөгү чукул өзгөрүүнү көрсөттү. Себеби АКШ Жакыңкы Чыгыштагы союздаштарына кошулуп, Башар Асаддын бийлигин колдогон Тегеранды Сирия маселесин талкуулоого аралаштырбай жаткан. Барак Обаманын кеңешчиси Сюзан Райс: “Биздин жана өнөктөштөрүбүздүн көз караштары Сирия бийлигинин позициясынан таптакыр айрымаланат. Бирок Башар Асад бийликте турса деле Сирияны кайра куруу башталып, анын аягында Асад болбойт”, - деди.

Wall Street Journal басылмасы Вашингтондун бул чечими Орусия менен Ирандын өткөн айда биргелешип баштаган аскерий операцияларынын таасири артуусунан улам алынды деп баалады.

Иран бул чакырууга оң жооп берери азырынча белгисиз. Анткени өлкөнүн лидери Аятолла Хаменеи ирандык расмийлерге АКШ менен өзөктүк куралдан башка бардык маселелер боюнча сүйлөшүүнү тыйган.

Австриянын баш калаасында өтө турган конференцияга АКШ, Орусия, Сауд Арабиясы, Түркия баштаган ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышмакчы.

XS
SM
MD
LG