Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Орусия: Сирияга кетүүгө аракет кылган студент камакка алынды


Сирияга баратып кармалган кыргызстандык аял

Москванын Лефоротовский райондук соту 23-декабрга чейин МГУнун студенти Варвара Караулованы камакка алуу чечимин чыгарды. Караулова 2015-жылы Сирияга кетип, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулууга аракет кылган жеринен Түркияда кармалып, Орусияга алынып келинген.

Алгач Караулова бул иш боюнча күбө катары катышып жаткан. "Бирок тергөө иштеринен кийин анын батири тинтилип, тыюу салынган уюмдар менен байланышын улантып жатканы аныкталды" дейт Караулованын жактоочу Александр Карабанов.

МГУнун Философия факультетинин студенти 13 орусиялык менен кошо Түркия менен Сириянын чек арасынан июнь айында кармалган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG