Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Испанияда “Фольксвагендин” шылуундугу боюнча соттук иликтөө башталды


Испания улуттук соту автоунаа чыгаруучу “Фольксваген” компаниясынын экологиялык стандарттарга туура келбеген моторлоруна байланыштуу шылуундук беренеси менен иликтөө баштады.

Бул иш “Фольксваген” кардарлардын укугуна байланыштуу мыйзамды бузуп, айлана чөйрөгө уулуу заттарды чыгарып, кылмыш кылды деген жүйө менен ачылды.

Сот компаниядан Испанияда өндүрүлгөн “Фольксвагендин” бардык унаалары тууралуу маалыматты берүүнү талап кылды.

Аталган ири машине чыгаруучу компаниянын ишмердигине байланыштуу чуу сентябрь айында башталган. Дүйнө жүзүнө таркаган 11 миллион “Фольксваген” үлгүсүндөгү автоунаалардын моторунан жаратылышка кооптуу уу зат чыгары, бирок муну компания ачыктабаганы айгинеленгенден кийин Франция, Германия, Италия жана АКШ бул ишканага каршы кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG