Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы майыптарга араба таратат


Кыргызстандын түрдүү аймактарында жашап жаткан майып кишилерге бүгүн Бишкек шаарында арабалар берилет. Аны Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы уюштурууда. Уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Рахматулла Мухаммед “Азаттыкка” билдиргендей, саамалыктын чыгымын Сауд Арабия падышачылыгы көтөргөн:

- Бизге буга чейин бир топ киши жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 130 адамга араба берүүнү чечип, Түркиядан буйрутма менен алып келдик.

Арабалар акысыз берилет. Тапшыруу салтанаты Октябрь райондук администрациясында болот.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын баш кеңсеси Эр-Рияд шаарында жайгашкан. Алар дүйнөнүн 70тей өлкөсүндө иштешет. Борбор Азия чөлкөмүндөгү кеңсеси Бишкекте жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG