Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Зилзалада жабыркагандарга кан жетишпей жатат


Ооганстан менен Пакистандагы күчтүү жер силкинүүдөн жабыркап, ооруканага түшкөндөрдүн көбүнө кан куюу маселесинде көйгөй жаралды. Жетиштүү өлчөмдө кан жок болгондугуна байланыштуу жарандар үч күндөн бери начар абалда күн өткөрүүдө. Жергиликтүү булактар куткаруучулар алыскы тоолуу аймактардагы жапа чеккен элге толугу менен көмөк көрсөтө албай жатканын билдиришти.

26-октябрда Түштүк Азия чөлкөмүндө 7 баллдан ашуун жер силкинүү болуп, Ооганстан менен Пакистанда 380 адам набыт кеткен. Жүздөгөн кишилер жабыркаган. Адамдар жылуу үйгө, дары-дармекке муктаж болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG