Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Ош шаарында “Хизбут-Тахрирдин” активдүү мүчөлөрү колго түштү


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, тартип коргоо кызматкерлери Ош шаарынын Салиев көчөсүндө жашаган 38 жаштагы аялдын үйүн тинтүү учурунда экстремисттик багыттагы 5 электрондук китеп, дисктер, баракчалар, китеп-дептерлерди таап чыгышкан.

Ошондой эле тартип коргоочулар уюмдун дагы бир активдүү мүчөсүн кармашты. Анын жанынан “Хизбут-Тахрир” уюмуна тийиштүү 22 диск, 20 дептер, 13 китеп, баракчалар, 5 видеокассета, 1 флешкарта, материалдар чыккан. Бул буюмдар тийиштүү экспертизага жөнөтүлдү. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ушул тапта укук коргоо органдарынын каттосунда 1777 киши экстремист катары каттоодо турат. Алардын ичинен 1386 киши "Хизбут-Тахрир" уюмунун, калгандары башка агымдардын мүчөлөрү болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG