Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Жыл башынан бери коррупция келтирген чыгым 1,5 миллиард сомду түздү


Бул туурасында өкмөт жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди. Ал тогуз ай аралыгында коррупция боюнча 745 кылмыш иши козголгонун белгилеп, ошол эле учурда күрөштүн жыйынтыгы жакшы көрүнбөй жатканын кошумчалады.

Ал бул илдет өлкөнүн инвестициялык абалына түздөн түз таасир этерин, мындан улам ал менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ролун кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты.

Коррупциянын кесепетинен келтирилген 1,5 миллиард сомдун 267 миллион сому гана мамлекетке кайтарылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG