Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Бүгүн Тажикстанда КМШ өкмөт башчыларынын саммити болот


Душанбе шаарында бүгүн КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кезектеги саммити башталат. Ага катышуу үчүн кыргыз премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев кечээ жөнөп кеткен.

Өкмөт башчылардын бул жыйынында экономикалык кызматташтык, коопсуздук сыяктуу 30га жакын маселе каралмакчы.

Премьерлердин саммити жыл сайын КМШга мүчө өлкөлөрдө кезек менен уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG