Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Сиам эгиздеринин бири – Зита каза болду


Зита Резаханова
Зита Резаханова

Он эки жыл мурун денелери операция аркылуу бири-биринен ажыратылган сиам эгиздери Зита жана Гита Резахановалардын бири – Зита 29-октябрда каза болду. Бул тууралуу анын апасы “Азаттыкка” билдирди. Ал Зитанын дары-дармектери үчүн каражат керектигин айтып, жакында коомчулуктан жардам сураган эле.

Зита бир жылдай убакыттан бери Бишкектеги жана Москвадагы ооруканаларда дарыланып, соңку күндөрү Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы үйүндө туугандары карап жатышкан. 19-октябрда эгиз эже-сиңди 24 жашка чыгышкан.

Сиам эгиздери Зита жана Гита Резахановалар бир табарсык, эки бөйрөк, үч бут менен төрөлгөн. Алар 2003-жылы 26-мартта Москвадагы Филатов ооруканасында ажыратылган эле. Эки жыл мурун Зитанын абалы начарлай баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG