Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Украина Түркмөнстан менен кызматташтыгын бекемдейт


Түркмөнстан -- Украин жана түркмөн президенттери. Ашхабад, 29-октябрь, 2015.
Түркмөнстан -- Украин жана түркмөн президенттери. Ашхабад, 29-октябрь, 2015.

Украина президенти бүгүн Ашхабадга барып, Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердимухаммедов менен кездешти. Сүйлөшүүлөрдөн соң эки президент эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир канча келишимдерге кол коюшканын билдиришти. Порошенко украин-түркмөн мамилесин тарыхый жана стратегиялык деп атап, постсоветтик эки өлкө алакасы мындан ары да өнүгө берерине үмүт артты. Ошондой эле түркмөн президентин кийинки жылы Украинага расмий сапарга чакырды.

Бердумухаммедов Түркмөнстан Украинага газ берүүнү көбөйтүүгө даяр экенин айтып, Киев менен Ашхабаддын транспорт жана энергетика тармагында кызматташуусунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Түркмөнстан табигый газдын кору боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат.

Украина Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин жана өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилер менен урушка байланыштуу Москва менен мамилеси начарлап, газ, отун-энергетика маселесинде кыйынчылыктарга кабылды.

XS
SM
MD
LG