Бишкек: жаңы конуштагы жаңжал
Жаңжал 29-октябрда аталган конушту электр жарыгы менен камсыз кылуучу Ак-Ордо көмөк чордонунда оңдоо иштери жүрүп жаткан кезде болду. Кечки саат сегиз чамасында жергиликтүү тургундар чогулуп, кызматкерлер көмөк чордондун тетиктерин алып кетип жатканына нааразы болушкан. Саат түнкү экилер чамасында эки унаа менен тетиктерди кайра алып келишти. Ала-Тоо-3 конушунда 2000дей түтүн бар. Алардын айтымында, эки күндөн бери конуштагылар жарыксыз отурушат. "Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкектеги Ала-Тоо-3 конушун электр жарыгы менен камсыз кылуучу Ак-Ордо көмөк чордонунда мүчүлүштүк бар болгондуктан, аны кышка карата оңдоо иштери башталган. Учурда жаңы конуштагы тургундар менен энергетиктердин ортосунда чыккан чатак иликтенип жатат.
Чыгарылыштар
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
-
Март 05, 2026Ажиев абактан тик учак менен чыкты
-
Февраль 19, 2026Баткен: Элге жер бөлүштүрүлө баштады