Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Ошто жашырын курал каткандар кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. "Арсенал" операциясы учурунда Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну К.Н. аттуу жарандын үйүн тинтүү кезинде "Байкал" үлгүсүндөгү тапанча табылды. Текшерүүдө анын эч кандай документтери жок болуп чыккан.

Ош ШИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери башка бир шаардык тургун 29 жаштагы К.Б. үйүнөн мыйзамсыз сакталган ТОЗ-17 үлгүсүндөгү сайлуу 1 даана мылтык, ТОЗ-66 үлгүсүндөгү бир даана сайлуу мылтык, РГД-5 гранатасын, 1 даана 29 огу менен автоматтын магазинин, 8 даана мергенчилик окторун жана диний экстремисттик маанайдагы адабияттарын таап чыкты.

Ош шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы мүрзөлөргө бекитилген 2 даана РГД-5 үлгүсүндөгү гранаталар да ушул операция учурунда табылды. Бул граналарды мыйзамсыз сактоого шектүү катары Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну М.М. кармалды.

Куралды мыйзамсыз сактап жүргөн үч жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факт боюнча иликтөө иштери башталды. "Арсенал" операциясы 29-октябрда жүрдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG