Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Ала-Бука тургундары Бозумчак кенине 30 гектар жер берилишине каршы


Аталган райондун Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан Бозумчак айылынын жашоочулары айылга жакын аймактагы 30 гектардан ашык жерди кен казган компанияга берилишине каршы болушууда. Бул тууралуу айыл тургуну Абдумалик Тажибаев “Азаттыкка” билдирди.

-Турак жайларыбыз кенге жакын жайгашканы аз келгенсип, эми иштетилген калдыктарды төгүү үчүн жергиликтүү бийлик ушул жерден жер бериптир. Мында төгүлгөн калдыктар жамгыр жааганда суу болуп сайдагы сууга кошулат. Айылдыктардын коопсуздугун жана саламаттыгын ойлогон эч ким жок, – деди Тажибаев.

Көк-Таш айылдык аймагынын башчысы Жанышбек Умаров “Казакмыс” компаниясынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү денгээлде комиссия түзүп, жеринде барып текшерүүнүн натыйжасында айылдык кеңештин токтому менен жер ажыратылып берилгендигин билдирди. Ал эми айылдыктардын саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө турарын кошумчалады.

"Бозумчак" алтын-жез кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан. Эксперттердин баасында, анда 146 миң тонна жездин, 23 тоннадан ашуун алтындын жана 138 тоннага чукул күмүштүн кени бар.

Кенди казакстандык "Казакмыс" корпорациясынын "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясы 2008-жылдан тартып иштетип келатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG