КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” коалиция түзүү боюнча тийиштүү каттар бардык фракция лидерлерине жөнөтүлүп, ушул тапта өз ара сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, эртең “Өнүгүү-прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен сүйлөшүү болгон соң коалицияга кимдер кирип, кимдер калары чечилерин билдирди.
“Бүгүн "Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов менен сүйлөштүк. Ал менен Жогорку Кеңештин, өкмөттүн түзүмү боюнча бир пикирге келдик, ал эми курамы боюнча сүйлөшөбүз дедик. “Бир-болдун” лидери Алтынбек Сулайманов менен да пикир алыштым. Принцибинде коалицияга кирүүгө макулдуктар көпчүлүктөн бар”,-дейт Турсунбеков.
29-октябрда көпчүлүк коалицияга кирүү чечимин “Ата Мекен” жана “Кыргызстан” партиялары билдирген.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, коалицияга КСДП, “Ата Мекен”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-прогресс” фракциялары кирип, “Республика-Ата Журт” жана “Бир бол” фракциялары оппозицияда калары айтылууда.
Кечээ президент коалиция куроо мандатын КСДП фракциясына тапшырган. (AzK)