Кыргызстанда 31-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17.
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз11....16.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21.
Баткен облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз15...20.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз10...15.
Нарын облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 10...15.
Бишкекте 31-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 12 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 7...9 градус, күндүз 15...17 градус жылуу болот.(AzK)