Венада Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Ага Башар Асаддын башкы колдоочулары Иран менен Орусия да катышууда.
29-октябрда Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф АКШнын Мамкатчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.
Жон Керри Түркия жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлери менен да кезикти.
Бүгүн Вена конференциясынын негизги бөлүгү башталып, анын алдында журналисттерге кайрылган Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хэммонд:
-Биз бүгүн эртең менен бир тараптан Орусия, Иран жана экинчи жактан калган өлкөлөрдүн ажырымга учураган көз караштарына көпүрө куруу максатында чогулдук. Бул өтө маанилүү талкуу. Алдыга жыла турган жол бар экенин көргүбүз келет. Сириядагы кан төгүүлөрдү токтотуунун жолун тапкыбыз келет, - деди.
Венадагы талкууга АКШ, Орусия, Германия, Франция, Британия, Италия, Иран, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Бириккен Араб эмирликтери жана Йорданиянын тышкы иштер министрлери катышууда. Еврошаркеттин тышкы иштер министри Федерика Могерини менен БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стэфан де Мистура да талкууга катышууда.