Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Муз бийчиси Элизабет Турсынбаева АКШда биринчи орунду алды


Казак бийчи кызы Элизабет Турсынбаева АКШдагы Skate Detroit 2015 эл аралык турнирде биринчи орунду алып, өз жеңишин азыр Куала-Лумпурда таймашка катышып жаткан мекендештерине арнай турганын билдирди.

Эл аралык чемпиондукка Казакстандын атынан катышкан 15 жаштагы Элизабет Турсынбаеванын апасы Падишахан Султаналиева Кыргызстандын Аксы жергесинен болот.

Жаш спортчу Элизабет Турсынбаева 20-сентябрда өз мекенине Солт-Лейк-Сити шаарындагы жарыштан күмүш медаль алып берген. Андан мурда Канадада өткөн эл аралык мелдеште биринчи орунду алган. Элизабет 4 жашында бутуна коньки кийип, дүйнөлүк аренаны багындырууга Москвадагы машыгуу залдарынан чыккан.

2013-жылдан бери Канаданын Онтарио шаарында жашайт.(AzK)

XS
SM
MD
LG