Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Ырчы Омарга байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулду


Бул туурасында “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тергөө иштеринин жыйынтыгында ырчы Өмүрбек Жанышовдун кылмышка тиешеси жок экендиги аныкталып, иш кыскартылды.

Дагы бир айыпталуучу Нуржан Токтогулов сот чечими менен камакта дагы бир ай калды. Анын иши толугу менен сотко өткөрүлгөн.

Шоу-бизнес жаатында Омар деген ат менен белгилүү Өмүрбек Жанышевдин үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган жабырлануучу ишкер Болот Бейшеналиев шериги Нуржанбек Токтогулов менен чогуу өткөн жылы 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар акчасын алган боюнча кайра бербей качып жүргөнүн билдирген.

Ырчы өзү ортомчу болуп бергени чын экенин, бирок акча албаганын, күнөөсү жок болгондуктан соттук териштирүүдө аягына чейин өз позициясында бекем турарын, ортодо курмандык болуп жатканын айтып келе жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG