Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кол коюлган документтер арасында бирдиктүү абадан коргонуу системасын өнүктүрүү, соода-экономикалык, гуманитардык байланыштар, каржылык жана социалдык-экономикалык тармактарда кызматташуу, укук коргоо түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү өңдүү маселелер камтылган.
Мындан тышкары КМШ өкмөт башчылары 2011-жылдын 18-октябрында кабыл алынган эркин соода аймагы туурасында келишимдин жоболорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча чечим кабыл алышты. Ошондой эле КМШнын 2020-жылдарга чейинки экономикалык өнүгүү стратегиясынын үчүнчү этабын ишке ашыруу планы боюнча да келишимге жетишилди.(AzK)