Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Мектеп окуучулары мите курттарга каршы эмделди


Кыргызстанда 26-30-октябрда башталгыч класста окуган балдар мите курттарга каршы эмдөөдөн өттү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл бул жараян алкагында 1-4-класстын 400дөй окуучусун камтуу каралган. Ата-энеси уруксат берген балдарга альбендазол деген даары берилди. 

Адамдын ичегисине тамак-аш, жуулбаган кол аркылуу кирген мите курттар пайда кылуучу оорулар жугуштуу деп эсептелет. Кыргызстанда мындай илдеттерге чалдыккан учурлар жылына 30 миңге жетет. (RK)

 

XS
SM
MD
LG