Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

АКШ элчилигинин жаңы имараты экологиялык таза курулуш ыкмасы менен салынды


АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жаңы имараты экологиялык таза курулуш ыкмасы боюнча салынды. Элчиликтин маалыматына караганда, бул долбоор экологиялык таза курулуш боюнча Америка Кеңешинин «Энергетикадагы жана жаратылышты коргоону долбоорлоодогу лидерлик» программасынын сертификатын алды.

Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана элчи Шейла Гуолтни Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев менен бирге элчиликтин жаңы имаратын ачышты. Элчилик бүгүнкү окуяны Кыргызстан менен достукка маани берүүнүн маанилүү символу деп атоодо.

Элчиликтин 163 миллион долларлык жаңы имараты Бишкектин Ленин районунда төрт жарым гектар жерде жайгашкан. Имарат энергия үнөмдөөчү, сууну жана күндүзгү жарыкты сарамжал пайдалануу менен ресурстарды сактап калууга жана имараттын колдонуу чыгымдарын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү жаңы технологиялар боюнча курулганы маалымдалууда. (RK).

XS
SM
MD
LG