Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

Жол оңдоого өкмөт быйыл 3,7 млрд сом бөлдү


Кыргыз өкмөтү быйыл өлкөдө жолдорду оңдоого республикалык бюджеттен жалпысынан 3 миллиард 700 миң сом бөлдү. Бул каражаттын 1 миллиардга жакыны ички жолдорду оңдоого жумшалды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Темир Сариев Чүйдө Жапон грантына келген техникалык жардамды тапшырып жатып билдирди.

Өкмөттөн кабарлашкандай, республиканын түндүгү менен түштүгүн байланыштыра турган альтернативалык жол 2017-жылы курулуп бүтөт, учурда Бишкектен "Манас" аэропортуна чейинки жол оңдолууда, жакын арада Бишкек – Кара-Балта жолу оңдоло баштайт. Ошону менен катар Ысык-Көлдү бойлой өткөн "шакекче жол" толугу бойдон реконструкциядан өтөт. Буга 550 млн сом каралган.

Темир Сариев жол үчүн мамлекеттен мындай каражат өлкөнүн тарыхында биринчи жолу бөлүнүп жатканын айтып, жол куруучу, оңдоочу жана тейлөөчүлөрдү сапаттуу иштөөгө, жоопкерчиликтүү болууга чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG