АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди Жогорку Кеңешке шайлоо ийгиликтүү өтүп, жыйынтыкталганы менен куттуктады. Бул тууралуу Керри ушу тапта "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди. Ал мамлекет башчы Атамбаев менен жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн, натыйжалуу жана ачык талкуу болгонун айтты. (RK)