Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Lufthansa жана Air France-KLM Синайдын үстүнөн учууну токтотту


Европадагы эң ири авиакомпаниялар Lufthansa жана Air France-KLM Египеттеги ишемби күнкү ири авиакырсыктын себептери иликтенип чыкканча Синай жарым аралынын үстүнөн учууну убактылуу токтотту. Мындай чечим коопсуздук үчүн кабыл алынды.

Кечээ Египеттин Синай жарым аралындагы Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Орусиянын Санкт-Петербургуна учуп чыккан орус лайнери кырсыкка кабылды. Ичиндеги 224 адамдын баары набыт болду. Алардын көбү эс алуудан кийин үйүнө кайтып бараткан питерликтер, 25и балдар экени аныкталды.

Lufthansa компаниясына таандык учактар Синайдын үстүнөн бир күндө кеминде он жолу уччу.

Окуя болор замат орусиялык учакты Синайдагы исламчыл экстремисттер атып түшүрдү деген маалымат чыккан, бирок бул версияны Орусия бийлиги четке кагууда. 30-сентябрдан тарта Орусия Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы абадан сокку урууда. (RK)

XS
SM
MD
LG