Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Режиссер Талгат Асыранкулов дүйнө салды


Талгат Асыранкулов
Талгат Асыранкулов

Кыргыз киносунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, режиссер Талгат Асыранкулов 53 жаш курагында дүйнө салды. Ал кечээ үйүнөн жүрөгү кармап көз жумганы кабарланууда.

Сүрөтчү, режиссер, коюучу режиссер Асыранкулов 1962-жылы 15-январда туулган. С.Чуйков атындагы Көркөм окуу жайды аяктаган. Кийин Москвада Бүткүл Орусиялык мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК) билим алып, кино сүрөтчүсү кесибине ээ болгон.

2004-2006-жылдары "Бейиш куштары" тасмасын тарткан. "Селкинчек", "Бешкемпир" фильмдеринин көркөм коюучусу болгон.

Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Азаттыкка" айтымында, "Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска" дегендей, Асыранкулов аты кеңири аталбаса да кинонун атагын чыгаргандардын бири болчу:

- Коюучу режиссерлор тасманын гармониясын келиштирип, кийим-кече, декорация, түсү шайкеш болушуна жооп берет. Асыранкулов ВГИКтен билим алган. Кийин казактар чакырып, казак киносуна да аралашып жүрдү. Ал ички дүйнөсү бир укмуш адам эле. Эрудит, чоң интеллигент болчу. Анын жанында отуруп, сүйлөгөнүн угуп жатып эле тасманы байытып алса болор эле.

Абдыжапаров Талгат Асыранкулов менен бирге "Шабдан" тарыхый лентасынын концепциясын чогуу даярдап жатышканын да кошумчалады.

Маркумдун сөөгү эртең жерге берилет.

Асыранкулов белгилүү кийим дизайнери, стилист, кыргыздын улуттук кийимин, байыртан бери келаткан оймо-чиймелерин сактоо, жайылтуу, заманбап стилге келтирүү менен атагы чыккан Дилбар Ашымбаеванын күйөөсү. (RK)

XS
SM
MD
LG