Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада укук боюнча тренинг өттү


Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада укук темасына арналган тренингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу Оштогу "Эдвокаси борбордон" кабарлашты.

«Медициналык жана социалдык укук» уюмунун адистери уюштурган тренингдерге оорукананын 13 кызматкери жана 11 дарыланып жаткан жаран катышты.

Бейтаптар илдети тууралуу маалымат алуу кыйын экенин билдиришти. Укук коргоочулар доктур дарылануу кандай жүрүп жатканы, ден соолугу тууралуу маалыматты берүүгө милдеттүү экенин жана мамлекет кепилдеген адвокаттык жардам алуу болорун айтып беришти.

Өз кезегинде медицина кызматкерлери айлык маянанын аздыгына токтолуп, мамлекеттен социалдык жардам алуу, коопсуздугу тууралуу суроолорду беришти.​

Буга чейин ушундай эле жолугушуу Ош облустук психикалык саламаттык борборунда өткөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG