Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:50

Нарында көмүр менен калктын 79% камсыз болду


Нарын облусунун калкы үчүн ушул жылга 23 миң тонна көмүр керектелсе, экономикалык тармагына 19 миңден ашуун тонна талап кылынат. Учурда дээрлик 33 миң тонна тартылып келинди, башкача айтканда, жалпы камсыз болуу 79 пайызга жетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жыл башынан бери облус аймагындагы 15 көмүр казуучу ишкана 418 миң тонна өндүрдү. Бул өткөн жылдагыдан 80 миң тонна көп.

Учурда көмүр Нарын облусунун аймагында тоннасына 2-3,5 миң сомдун тегерегинде сатылууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG