2-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүз +2...+3,
Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3,
Баткенде түнкүсүн -1...+4, күндүз 1...6,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...-7.
Бишкекте жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 0…2 градус болот.